Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты


"Human Rights Watch" уюмунун эмблемасы.
"Human Rights Watch" уюмунун эмблемасы.

Буга байланыштуу Вашингтон өз чечимин Адам укуктары боюнча кеңеш реформага муктаждыгы жана саясий жактан "бейтарап" боло албай жатканы менен түшүндүрдү.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин 19-июнда билдиргенине караганда, кеңештин курамында Кытай, Конго Демократиялык Республикасы өңдүү “адам укуктарын такай бузган өлкөлөр” бар жана алар Венесуэла, Куба сындуу мамлекеттердеги укук бузуу учурларын эч айыпташпайт.

АКШнын элчиси ошондой эле кеңеш ал “Израилге каршы” деп атаган чараларды такай кабыл аларын, Вашингтон бул уюмду реформалоону көздөгөнүн, бирок ийгилик таппаганын кошумчалады.

Вашингтон БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши алгач түзүлгөн 2006-жылы мурдагы президент Жорж Буштун тушунда ага кошулуудан баш тартып, 2009-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда гана кирген болчу.

Израилдин премьер-министри Биньяминь Нетаньяху АКШнын жарыясын “эр жүрөктүк ” деп кубаттады, ал эми БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Зеид Рад ал-Хусеин бул чечимди “өкүнүчтүү” деп баалады. (UE)

XS
SM
MD
LG