Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:18

Айбек Калиевдин бөгөт чарасы 21-июнда каралат


Айбек Калиев.

Бишкек шаардык соту 21-июнда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Быйыл 26-январда Бишкектеги ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ишкнага карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG