Биринчи окууда 19-июнда жактырылган талаштуу мыйзам Орусиянын мектептеринде эне тилдердин окутулушун тескейт. Мыйзамдын жаңы редакциясында орус тили да эне тилдердин тизмесине киргизилди.
Былтыр мектептерде эне тилдерди окутуу маселеси Орусиянын кайсы бир улуттар үстөмдүк кылган аймактарында талаштуу маселеге айланган.
Анда президент Владимир Путин бул аймактардагы балдар өз эне тили болбогон тилди окууга мажбурланбашы керек экенин билдирип, прокуратурага текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.
Бул өз кезегинде Орусиянын улуттук республикалары менен аймактарында түпкүлүктүү улуттардын тилдерин милдеттүү окуткан класстардын жоюлушуна жана ага катар нааразылык акцияларына алып барган.
Орусиянын улуттук аймактарында жергиликтүү тилдер да орус тили менен катар расмий макамга ээ. (UE)