Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Иран ОРЕСте Москва менен Эр-Рияддын планын четке кагууда


ОРЕС.
ОРЕС.

Москва менен Эр-Рияд Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмуна (ОРЕС) кирген жана башка ири мунай чыгаруучулардын күндөлүк өндүрүш өлчөмүн 1,8 миллион баррелге азайткан макулдашуусун кайра кароону сунуш кылды.

ОРЕСке кирген өлкөлөр бул боюнча атайын жыйынга 22-июнда чогулганы жатышат. Эртеси алар Орусия жана башка ири өндүрүүчүлөр менен да кеңешме өткөрмөкчү. Бирок бул жыйындарды утурлай Ирандын мунай министри Бижан Зангане ОРЕС өндүрүштүн өлчөмүн арбытуу маселесинде жалпы чечимге келишинен күмөн санады. Буга каршы экенин Ирак, Алжир, Венесуела жана ОРЕСтин башка үч мүчөсү да билдиришти.

Мунай өндүрүүнүн көлөмүн арттырууга кийинки күндөрү кара майды көп керектеген АКШ, Кытай жана башка өлкөлөр да үндөшкөн болчу.

Ирандын мунай министри Бижан Зангане өз кезегинде АКШнын чакырыгын да сынга алып, Венесуела менен Иранга санкция киргизүү аркылуу президент Дональд Трамп “мунай базары үчүн кыйынчылык” жаратканын белгиледи.

ОРЕСке кирген жана башка өлкөлөр өндүрүштүн көлөмүн азайтууну макулдашкан 2016-жылдын аягынан бери кара майдын баасы болжол менен 75% кымбаттап, баррели дээрлик 80 долларга жетип калды. (UE)

XS
SM
MD
LG