Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) боюнча өнөктөш өлкөлөр болгон Орусия менен Кытайга тилектештик билдирүү иретинде Кыргызстандын реакциясы болор-болбосуна кызыкты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн парламент жыйынында, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди.
- "Биз ШКУ менен ЕЭАБге киргенден кийин дүйнөдө болгон процесстерге жооп беребизби, жокпу?" деген суроого узаттым. "Биз бир уюмда турсак, экономикабыз бири-бирибизден көз каранды болуп турса, дүйнөдө чоң көрүнүш болуп жатса четте турабызбы же пикирибизди билдиребизби?" деген маселе көтөрдүм. Чынын айтканда Америкадан экономикага таасир эте турган өлчөмдө кирген товар жок да. Ошондуктан биз жок дегенде мамиле кылып, эки тарапты "сүйлөшүү жолу менен чечкиле" деп койсок эч нерсе болбойт эле.
Министр Олег Панкратов Кыргызстан буга байланыштуу эч нерсе билдирбей турганын, бул эки өлкөнүн мамилеси экенин айтты.
Өткөн жумада Вашингтон менен Бээжин бири-биринин товарларына каршы кошумча бажы салыктарын киргизген. Кытай америкалык товарларга кошумча төлөм киргизе турган болсо, Кошмо Штаттар жалпы баасы 200 миллиард долларлык кытай экспортуна 10% бажы салыгын киргизерин Вашингтон дүйшөмбүдө жарыялады.
Бээжин Вашингтонду «соода согушун баштаганы» үчүн айыптап, дароо эле америкалык товарларга, анын ичинде дан азыктарына, автомобилге жана деңиз азыктарына төлөм киргизген.
АКШ менен Кытайдын соода-экономикалык тирешинен улам дүйнөлүк биржаларда кийинки күндөрү акциялардын куну түшүп жатканы байкалды. (КЕ)