Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди ратификациялады


Македония парламентинин депутаттары добуш берүүдөн кийин. 20-июнь, 2018-жыл.
Македония парламентинин депутаттары добуш берүүдөн кийин. 20-июнь, 2018-жыл.

Парламент ратификациялаган келишимге ылайык, мурда Югославиянын курамында болгон Македония эми расмий түрдө "Түндүк Македония Республикасы" деп аталат.

Бүгүнкү добуш берүүдө келишимди 123 орундуу парламенттин 69 депутаты колдоду. Бирок оппозициядагы VMRO-DPMNE партиясы парламенттин жыйынына катышпай койду.

Премьер-министр Зоран Заев добуш берүүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө келишимди “тарыхый” деп баалап, ал эки тараптын тең намысына шек келтирбеген, алгылыктуу экенин белгиледи.

Бирок македон президенти Георги Иванов келишимди парламент ратификацияласа деле ага вето коерун буга чейин эле билдирген.

Документти эми Грециянын парламенти да ратификациялашы керек.

Скопье менен Афинынын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, Македония Республикасы деген аталыш менен эгемендигин жарыялагандан бери эле жүрүп келген.

Греция анын Македония деген аймагы болгондуктан коңшу өлкөнүн ушундай аталышына каршы чыгып, талаш жөнгө салынмайынча Македониянын Евробиримдик менен НАТОго кошулушуна макулдук бербей турганын айтып жүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG