Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Тимошенко президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Юлия Тимошенко.
Юлия Тимошенко.

Ал 2019-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин бүгүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди.

Чечимин Украинаны “ирдентүү”, өлкөгө “реалдуу өзгөрүүлөрдү” алып келүү деп түшүндүрдү.

Эгер президенттикке шайланса, Конституциянын жаңы долбоорун сунуштап, аны референдумга алып чыгарын, 2019-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык өтүүсү керектигин кошумчалады.

«Батькивщина» партиясынын лидери, 57 жаштагы Тимошенко буга чейин 2014-жылкы шайлоодо азыркы президент Петро Порошенкого, 2010-жылы мурдагы президент Виктор Януковичке утулган.

2007-2010-жылдары премьер-министр болуп, 2010-жылы Януковичтин бийлиги учурунда мамлекетке экономикалык зыян келтирди деген айып менен түрмөгө кесилген.

Эл аралык коомчулук анын соттолушун саясий жүйөсү бар иш катары кабыл алган. 2014-жылы Янукович бийликтен четтетилгенде абактан чыгып, кийин партиясы менен парламентке келген.

Коомдук пикирди сурамжылоонун эң соңку жыйынтыктарына караганда, Тимошенкону украиналыктардын 14%, Порошенкону 16% колдойт. (UE)

XS
SM
MD
LG