Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Футбол-2018: Саудия менен Египет тайпадан өйдө чыга албай калышты


Иран - Испания оюну, Казан шаары. 20-июнь, 2018-жыл.
Иран - Испания оюну, Казан шаары. 20-июнь, 2018-жыл.

20-июнда дүйнө чемпионатынын алкагында “А” тайпасындагы экинчи тур жыйынтыкталып, Сауд Арабиясы менен Египеттин курама командалары үчүн чемпионатка андан ары катышуу укугу аяктады.

Бул күнү саудиялыктар Уругвайга 0:1 эсебинде утулуп, анын аркасы менен Уругвай тайпада үч упайга ээ болду. Натыйжада “А” тобунда Уругвай менен Орусия алты упай менен топ башына жайгашса, Египет менен Сауд Арабиясы азырынча упай топтогон жок. 25-июнда Египет менен Сауд Арабиясынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталса да бул командалар талаа ээси Орусияны да, Уругвайды да упай топтоо жагынан кубалап жете албайт.

Ошондой эле “В” тайпасында Португалия жана Испания өз атаандаштарын утуп, үчтөн упайларга ээ болушту. Португалия Криштиану Роналдунун жардамы менен Мароккону 1:0 эсебинде жеңсе, Испания Диего Костанын көмөгү аркылуу ушундай эле эсепте Иранды утту.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Испания, Португалия төрт упай, Ирандын командасында үч упай топтолду, ал эми Мароккодо азырынча упай жок. Натыйжада Марокконун футболчулары да тайпадан жогору чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.

Бүгүн тайпалык оюндардын экинчи тобу уланып, Дания менен Австралия, Франция менен Перу, Аргентина менен Хорватия күч сынашат. (SDz)

XS
SM
MD
LG