Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Активист Токтонасыров казакстандык блогерди колдоп пикетке чыгат


Муратбек Тунгышбаев УКМКнын тергөө абагында отурат.
Муратбек Тунгышбаев УКМКнын тергөө абагында отурат.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир ай мурда Бишкекте кармалган казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдына митингге чыгат. Бул тууралуу Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады.

Ал Мамлекеттик миграция кызматынан казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылат. Ал эми БУУну Тунгышбаевдин окуясына реакция кылууга чакырмакчы.

Ушундай эле талап менен Токтонасыров 12-июнда Жогорку соттун, 18-июнда Башкы прокуратуранын алдында пикет өткөргөн. Кечээ 20-июнда Бишкекте президенттик аппараттын алдында укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, Тунгышбаевдин апасы, жубайы жана бир катар казакстандык активисттер катышкан акция өткөн.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Тунгышбаевдин Кыргызстанга качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган. Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Тунгышбаевдин маселеси 19-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып, 25-июнга калтырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG