Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:20

Бишкекте согушта курман болгондор үчүн 1,5 миңдей шам жагылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 1 миң 418 шам жагылат. Бул тууралуу “Ветерандар 365” коомдук фонду кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, шам жагуу зыйнатын атайын ыктыярчылар аткарышат.

1 миң 418 шам жагуу расмисин иш-чараны уюштуруучулар Дүйнөлүк экинчи согуш ушунча күн уланганы менен түшүндүрүшөт. Бул эскерүүнү аталган фонд ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүүдө.

1941-1945-жылы болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери бар. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG