Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:16

Максутова: Мектепте жол коопсуздугу боюнча сабактарды көбөйтүш керек


Жол коопсуздугун тескеген инспектор мектепте балдарга сабак өтүүдө. Кыргызстандагы мектептердин бири.

Мектеп окуучуларына жол коопсуздугунун эрежелерин үйрөткөн сабактарды көбөйтүш керек. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси эл арасында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында ага катышкан адамдардын 66% ушундай пикир айтышкан.

Уюмдун өкүлү Нуркамал Максутованын айтымында, сурамжылоого катышкандардын 80% айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да маданиятынын төмөндүгү жол кырсыктарына себеп болуп жатканын айткан.

Адис учурда башталгыч класстын окуучулары гана жол коопсуздугунун эрежелерин окуй турганын, бул жетишсиз экенин белгиледи:

- Бизде азыр бир жылда беш саат каралган экен. Болгондо да 1-5- класстарда гана. Аларды окуткан мугалимдердин деңгээли суроо жаратат, - деди Нуркамал Максутова.

Сурамжылоо эки ай бою жүрдү, ага Бишкек шаарынын 4,5 миңге жакын тургуну катышты.

Борбор калаанын милициясынын маалыматына караганда, былтыр Бишкекте балдар жабыркаган 471 жол кырсыгы катталган. 531 бала жаракат алып, үчөө каза болгон. (RK\ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG