Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

АКШ мыйзамсыз мигранттарды балдарынан ажыратпай турган болду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттарды балдарынан бөлүүнү токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Документке ылайык эми АКШнын чек арасынан өткөн ата-энелер менен балдар кармоочу жайларга чогуу киргизилет.

Буга чейин АКШнын бийлиги мыйзамсыз мигранттарга карата “Нөл сабырдуулук” аттуу саясат колдонуларын жарыялаган. Натыйжада чек арада мигранттардын балдары ата-энелеринен тартып алынып жаткан.

Балдар убактылуу камсыз кылуу борборлоруна жана багып алуучу үй-бүлөлөргө тапшырыла баштаган. Бийлик бул кадамын балдарды түрмөгө киргизүү мүмкүн эместиги менен түшүндүргөн.

Массалык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, АКШнын Мексика менен чек арасында акыркы алты жумада эле эки миңдей жашы жете элек бала ата-энесинен ажыратылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG