Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

Жалал-Абадда ишкерди тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү


Жалал-Абадда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
Жалал-Абадда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Жалал-Абадда ишкерди сабап, карактаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, 25-май күнү Сузак районунда жергиликтүү ишкерди белгисиз адамдар тоноп кеткен. Бирок ал арызды милиция кызматкерлери менен жолуккандан кийин гана жазган. Ишкер арызында бейтааныш адамдар аны Сузак районундагы таш заводун жабууга мажбурлаганын, коркутуп, 10 миң доллар акча сураганын жазган. Белгисиз адамдар ишкердин 115 миң сомун опузалап алып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (“Опузалап акча талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында кылмышка тиешеси бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган Сузак районунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Кармалган жаран кечээ соттун чечими менен эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шектүүнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери колго түшүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG