Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында 20-июндагы катуу жааган жаандын айынан Жунус айылындагы жылгадан сел жүрүп, айылдын Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык автоунаа жолунун төрт метр жерин жууп кеткен.
Айылдагы бир үйдүн сарайын суу каптаган. Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу жолдун 8-10 метр аралыгын суу каптап, бир көпүрөнүн капталын селдин суусу жеп кетип, жол каттамы жабылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда азыр кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат. Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык жол тазаланып, бир тарапка ачылды. (КЕ)