Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуш кылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн "Фейсбук", "Гугл" жана "Инстаграм" сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди:

- 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда "Google-салык" киргизилген. Бул салык - чет элдик уюмдардын Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз өндүрүмүн жана жарнамасын "Фейсбук", "Инстаграм", "Твиттер", "Гугл" жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 доллар коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.

Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн-түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын пайдаланышы керек экенин билдирди. Анын айтымында, биринчи үч айда эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн "Google", "Apple", "Microsoft", "Facebook", "eBay", "Aliexpress", "Yahoo", "Bing" сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат.

Буга чейин Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө интернет-компаниялардан салык алууну сунуштаган. (KR)

XS
SM
MD
LG