Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Карамушкина: УКМКнын убактылуу кармоочу жайы мейманкана болбошу керек (видео)


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайы саясий негизде кармалгандар үчүн мейманкана болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү фракциянын айрым мүчөлөрү учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Сапар Исаковдон, Кубанычбек Кулматовдон, Айбек Калиевден, Салайдин Авазовдон жана Осмонбек Артыкбаевден кабар алып келишкенин билдирди.

- Алар күнөөсү аныкталса, мыйзам бузуу боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок кимдир-бирөөнүн артыкчылыгын көрсөтүп күнөөнү көбөйтө берүү – бул айланып келчү бумеранг. Мамлекеттин каражатына кол салып, бажыдан, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эсебинен акча жеген айрым аткаминерлер ээн-эркин жүрөт. Аларды элдин баары билет. Аларга качан кезек келет?

Карамушкинанын айтымында, абактагы жетекчилер коррупция менен күрөш акыйкат жүргүзүлүшүн өтүнүшкөн.

Аты аталган аткаминерлер Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин негизинде кармалышкан. Алардын бардыгы “Коррупция” беренеси менен айыпталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG