Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Жанар Акаев: Кен иштетүү боюнча сынактар ачык болбой жатат


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кен иштетүү боюнча өткөрүлгөн сынактар жана анын шарттары ачык болбой жатканын бүгүнкү парламенттин жыйынында айтып чыкты. Депутат элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтин кудурети жетпей жатканын белгиледи.

- Өкмөт кен иштетүүдө инвесторлор, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү эл менен туура түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай жатат. Диалог жок. Ар бири өз-өзүнчө болуп калды. Жергиликтүү бийлик бул маселени чечүүдө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Сынакты өткөрүү, иштетүүнүн шартын аныктаган келишимди ачык-айкын көрсөтө албай жатабыз. Бул тармактагы коррупцияга жол берилип, анын пайдасын эл көрбөй жатат.

Акаев инвесторлор менен жолугушууларды өткөрүп, маселенин алдын албаса бул экономикага таасирин тийгизерин кошумчалады.

12-июнда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы 200-300дөй жергиликтүү тургун митингге чыккан. Алар ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, анын экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган. Эки окуя боюнча тең кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG