Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Бишкекте ысык суу бериле баштады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек шаарында бүгүн ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Бишкек жылуулук тармагынын" өкүлү Жазгүл Бекиева билдирди.

Буга чейин расмий маалыматка ылайык ысык суу 22-июнда бериле баштамак. "Бишкек жылуулук тармагынын" өкүлү ысык суу шаардын бардык райондоруна толук жеткиче үч күн өтөрүн айтты.

Буга чейин 16-июнда Бишкекте Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аймагында суу түтүктөрүнөн суу атып чыгып жатканын Интернет колдонуучулар видеого түшүрүп алган. Кийин “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттыкка” кооптонууга негиз жок экенин, магистралдык түтүктөр шаарга ысык суу берээрде пландалган текшерүүдөн өткөрүлүп жатканын билдирген. (KR)

XS
SM
MD
LG