Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Кафеде жаңжал салган МАИ кызматкери иштен алынды


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Ысык-Көлдө коомдук тамактануу жайында жаңжал салган Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери Бакыт Жукалаев кызматтан алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди. Маалыматта Жукалаев өзүнүн журүм-туруму менен бүтүндөй укук коргоо органдарында иштегендердин кадыр-баркына шек келтирип, этикалык кодексти бузганы айтылат. Буга чейин ИИМ тартип сакчылары катышкан чатактар боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

18-июнда Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери тартылганы айтылган видео тараган. Анда МАИ кызматкери кафеде тамак ичкен идишине өзү таштанды салгандай көрүнөт жана аны официантка көрсөтүп урушкан.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы окуя Ысык-Көлгө бараткан жолдогу "Футзон" кафесинде болгонун бышыктап, кызматтык териштирүү башталганын, тартип сакчысы жеген тамагына акча төлөгөнүн ырастаган чек бар экенин билдирген болчу.

Бул окуялар кыргыз милициясынын кесиптик маданиятына карата сынды күчөтүп, социалдык тармакта күч кызматкерлерин айыптагандар көбөйгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG