Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу тургундарга 1,1 млн. сом төлөндү


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу шаар тургундарына материалдык чыгым катары 1 млн. 124 миңден ашуун сом төлөндү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды. Эл өкүлүнүн расмий катына “Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасы жооп берген. Маалыматка караганда, ЖЭБдеги авариянын айынан 575 батирде, 92 имаратта суу түтүктөрү зыянга учураган. Жалпысынан бул багытта 59 арыз келип түшсө, алардын 55ине жалпы суммасы 1 млн. 124 миң сом төлөнүп берилди. Калганы каралып жатканы белгиленген.

Бул каражатты “Электр станциялары” ишканасы төлөп бериши керек экендиги айтылат.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар катуу ызгаарда бир жума бою жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, баш калаанын тургундарын катуу нааразы кылган. Башкы прокуратура ЖЭБдеги кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бир катар кызматкерлер иштен алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG