Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:17

Парламентте күйүүчү май маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кескин көтөрүлүп кетиши менен азык-түлүк кымбатташы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты. Ал өкмөттү дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы түшкөнүн негиздеп, тиешелүү компаниялар менен күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш алып барууну сунуш кылды.

Май ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда май айында күйүүчү майдан баасы 10% кымбаттаган. Ал эми июнда баа 2% көтөрүлгөн. Буга Орусиянын заводдорунун өндүрүмү кескин кымбаттап кеткени себеп болду.

Азыр Бишкекте бензиндин баасы түрүнө жараша 43 сомдон жогору, дизель 44 сомдон өйдө сатылып жатат.

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын 100 пайызы Орусиядан ташылып келет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG