Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:45

Депутат вице-премьерди кызматтан алууну сунуш кылды


Кызыл-Кыя.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Карамат Орозова Кызыл-Кыя цемент заводуна байланыштуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаровду кызматтан алуу жөнүндө маселе көтөрдү. Анын айтымында, Аскаров өкмөт башчыга туура эмес маалымат берип, Баткен облусуна караган цемент заводун Ош облусуна өткөрүү боюнча токтом чыгарткан:

- Облус Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешип, чек ара маселеси жогору турат десек, анда азыр Кызыл-Кыя менен Ош облусунун Ноокат районунун көйгөйү андан да жогору болуп атат. 10 жылдан бери цемент заводун Ноокаттын администрациясы талашып, бизге кыйынчылык жаратып жатат. Кызыл-Кыя цемент заводу Баткен облусун көтөрүш үчүн курулган. Эми вице-премьер Замирбек Аскаров премьер-министр Абылгазиевге туура эмес маалымат берип, токтом чыгарттырганы элди дүрбөлөңгө салып жатат. Азыр Кызыл-Кыянын аксакалдары бир-эки жумадан бери өкмөт башчыга кире албай жүрүшөт. Элди аймакка бөлгөн же туруктуулукту бузган, өз кызматынан пайдаланган кадрларды өкмөттө кармап туруунун зарылчылыгы барбы? Ошондуктан Замир Аскаровду кызматтан алууну сунуш кылам.​

Орозова Аскаровдун буга чейин Ноокат районунда аким болгонун белгилеп, сөз болуп жаткан заводду Ош облусуна өткөрүп берүү маселеси ал вице-премьер-министр болуп келгенден кийин көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Заводго байланыштуу маселени депутат Мурадыл Мадеминов, Сайдолимжан Жураев да көтөрүп, аны Ош облусуна өткөрүп берүүдө процедуралар бузулганын белгилешти. Өкмөт азырынча бул боюнча жооп бере элек.

Кыргызстанды цемент менен 3 ири завод камсыз кылат. Алардын эң чоңу - жылына 1 млн. 200 миң тонна цемент өндүргөн Кант заводу. Бул завод көбүнчө түндүк аймактарды камсыз кылат. Ал эми түштүктү жылына 800 миң жана 300 миң тонна цемент өндүргөн Кызыл-Кыя жана Араван заводдору камсыздайт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG