Британ парламенти бейшембинин кечинде Европа Биримдигинен чыгуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам чыгаруучулар премьер-министр Тереза Мэй сунуш кылган долбоорду дээрлик бир жылдай талкуулады. Документте Британия 2019-жылдын мартында биримдиктен чыккандан кийин 1972-жылкы Европа Биримдигине кошулуу жөнүндө мыйзам жана Евробиримдиктин мыйзамдары күчүн жоготору каралган.
Бирок мыйзам Британия менен Евробиримдиктин тармактар боюнча кызматташтыгын, маселен, чек ара жана бажы боюнча алакаларын жөндөй албайт. Бул жөнүндө сүйлөшүүлар азырынча аяктай элек.
Британдар 2016-жылдын июнь айындагы референдумда Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Брюссел менен сүйлөшүүлөр былтыр 17-июлда башталган.