Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Илмиянов Атамбаевдин сүрөтүн кайтарып берүүгө даяр


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү.

Сүрөтчү Азамат Жаналиев тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү өзүнө кайтарылып берилет. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлады.

21-июнда Азамат Жаналиев УКМКга арыз менен кайрылып, ал Атамбаевдин сүрөтүн анын мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 10 миң долларга сатканын, бирок ал болгону 2500 доллар гана алганын айтып, Илмияновду "калган акчаны бербей, алдап кетти" деп айыптаган.

КСДП фракциясынын билдирүүсүндө сүрөтчү эмгегин белекке гана бергени, акча тууралуу эч кандай сөз болбогону айтылат.

"Адегенде Жаналиев А. Атамбаевдин портретин КСДПнын кеңсесине белек катары калтырып кеткен. Бирок бир нече жумадан кийин үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн шылтоолоп, “белегин” сатып алууну кайра-кайра суранып тажаткан. Ушундай жол менен И. Илмияновдун кабыл алуусуна жетишкен сүрөтчү Жаналиев ага төлөнүп берилген 2500 долларга чексиз ыраазы болгон жана кошумча төлөп берүү туурасында кеп да кылган эмес. Буга күбө болгондор бар. Азамат Жаналиев эми алган 2500 долларын кайтарып берсин, портрет авторго ошол замат кайтарылып берилет. Андан тышкары, ага ошого эле окшош, мурда “акчага белек” катары таңуулаган экинчи портрети да кошумча кайтарылат" деп жазылган билдирүүдө.

Азамат Жаналиев жазган арызда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу А.Б.Маматбековдун да аты аталган. Ал 15 миң долларга бааланган үч сүрөтүн ала албай жатканын, жалпысынан 52 миң доллардан ашуун суммага күйгөнүн жазган. (КR)

XS
SM
MD
LG