Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Сузакта депутат Музаффар Исаковдун соту уланды


Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков.
Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков.

Бүгүн Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков баштаган тогуз адамдын ишин кароону улантты. Алардын арасында Таш-Булак айыл өкмөтүн Исаковго чейин башкарган Тайкожо Гиязов, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери бар. Соттук отурумга Исаков өзү катышканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Соттун жүрүшүндө күбөлөр суралды.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башында кылмыш ишин козгогон. Депутат "Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, аны менен айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген" деп айыпталууда. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен.

Исаковдун соту буга чейин бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG