Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:27

“Чоң жетинин” элчилери Сенцовдун абалына тынчсызданып жатышат


Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.

Киевдеги “Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн элчилери орус түрмөсүндө ачкачылык кармап жаткан Олег Сенцовдун абалына терең тынчсыздануу билдиришти.

Бейшембиде жарыяланган элчилердин билдирүүсүндө түрмөдөгү украин жарандарын бошотуу «гуманитардык көз караштан алганда маанилүү кадам” болору айтылат. Бул абакта отурган адамдарды алмашуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашса болору белгиленет.

Украиналык режиссер Олег Сенцов Орусиянын абактарында отурган 64 украин жаранын бошотууну талап кылып 14-майдан бери ачкачылык кармап отурат. Аларды укук коргоочулар саясий тутукундар деп эсептешет.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча өкүлү Людмила Денисова Сенцовдун абалы тууралуу маалымат жоктугун айтып, "ал күчкө салып тамактандырылып жаткан болушу мүмкүн" деп шек санаган.

Орусиядагы адам укуктары боюнча расмий өкүл Татьяна Москалькова Сенцов "кошумча терапия" алып жатканын айткан. Ал ошондой эле абактан режиссердун ден соолугу тууралуу такай кабыр алып жатканын, баары калыбында экенин билдирди.

Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе бүгүн Уралдагы колонияга барарын айткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG