Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Илмиянов Москвада экени кабарланды


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Москва шаарында жүрөт. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка караганда, ал Орусияга апасын дарылатыш үчүн кеткен.

Буга чейин Илмияновдун Америкада экени айтылып жаткан.

Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Өзү мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

21-июнда Азамат Жаналиев УКМКга арыз менен кайрылып, ал Атамбаевдин сүрөтүн анын мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 10 миң долларга сатканын, бирок ал болгону 2500 доллар гана алганын айтып, Илмияновду "калган акчаны бербей, алдап кетти" деп айыптаган. КСДП бул боюнча билдирүү таратып, сүрөт 2,5 миң долларга гана бааланганын, Илмиянов сүрөттү кайтарып берүүгө даяр экенин жазган. (KE)

XS
SM
MD
LG