Чүй облусунда жайгашкан Улуттук гвардиянын №701 аскердик бөлүгүндө 20-июнда 1995-жылы туулган Бек Бейшенбаев аттуу жоокер жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Интернеттеги маалымат булактары анын сабалганы тууралуу божомолдорду жазып чыгышка. Бирок Башкы штабдын басма сөз катчысы полковник Гүлзат Жарашева жоокер керебеттин темирин сүзүп алганын, окуядан кийин башын дароо "Юрфа" медициналык борборунун магниттик-резонанстык томографиясына (МРТ) тарттырганын айтып, эч кандай олуттуу жараат албаганын "Азаттыкка" кабарлады.
- Машыгуудан келип, керебетинен сүлгүсүн алганы жатып башы менен керебеттин темирин сүзүп алыптыр. Алып барып башын "Юрфанын" МРТсине тарттык. Бизде акыркы убакта уставдан сырткы мамилелер (мушташтар) кездеше элек. Бул тууралуу сөзсүз түрдө ички иликтөө жүрөт, бирок мен сизди бул жөн гана күнүмдүк окуя деп ынандыргым келет, - деди Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева.
"Азаттык" жоокердин иниси Мурат Бейшенбаев менен байланышып, учурда жоокердин абалы канааттандырарлык экенинен кабардар болду. Анын айтымында, жоокер өзү да таяк жебегенин айткан.
- Ата-энем Ат-Башыда. Атам Арпа жайлоосуна кетип, антенна жок, байланыша албай жатабыз. Апам укту, бирок өзү келе албайт да. Эми бүгүн же эртең шаарга чогуу чыгышат го, - деди жоокердин жанында жүргөн иниси Мурат Бейшенбаев.
Буга чейин айрым маалымат булактарда жоокердин сабалганы тууралуу маалымат тарап, "аскердик бөлүк аны жашырууга аракет кылып жатат" деген божомолдор айтылган. (KR)