Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда билдирди. Анда ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы коррупция менен күрөштү күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандырыш керек экенин белгиледи. Мындан сырткары, коомдук жайларда жана курорттук аймактарда өлкө жарандарынын жана сырттан келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылууга үндөдү.
16-июнда Бишкектеги Ош базарында кайыр сурап отурган майып баланын апасы милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканы тартылган видео Интернетке тараган. Анда форма кийген беш-алты адам арабада өткөн-кеткенден акча сурап отурган баланы ал жерден кетирүүгө аракет кылганын, буга анын апасы жана айланасындагы адамдар нааразылык билдирип жатканын көрүүгө болот.
18-июнда Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери тартылганы айтылган видео Интернетке тараган. Анда МАИ кызматкери кафеде тамак ичкен идишине өзү таштанды салгандай көрүнөт жана аны официантка көрсөтүп урушкан. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов кафеде чыр чыгарган Бакыт Жукалаев кызматтан алынганын билдирген.
Коомчулукта милиция кызматкерлерин "кызмат абалынан аша чаап, укук бузууга барат" деп айыптагандар арбын. (КЕ)