Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Текебаевге "таңууланган" адвокатка сөгүш жарыяланды


Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев соттук отурумда.
Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев соттук отурумда.

Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын ооруп калган жактоочуларынын ордуна кирген адвокат Элмира Чоноеванын иш-аракеттери Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы тарабынан мыйзамсыз деп табылып, ага сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова кабарлады.

Ал комиссиянын чечимин жаңы жагдай катары сыпаттаганын төмөнкүчө билдирди:

- Комиссия "Чоноеванын сотко катышкандыгы мыйзамга туура келбейт" деген чечимге келип, ага сөгүш жарыялап жатат. Бирок биз үчүн бул эмнени тастыктайт? Эгерде адвокаттын сотко катышканы мыйзамсыз деп табылса, анда чыгарылган өкүмдүн өзү да мыйзамсыз деген сөз. Бул дагы бир ачылган жаңы жагдай болуп эсептелет.

Мурдараак Өмүрбек Текебаев Чоноеванын үстүнөн арыз жазып, анын иш-аракеттеринде мыйзам бузуу болгонуна даттанган. Натыйжада сегиз кишиден турган Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Текебаевдин арызын канааттандырып, "Чоноева жакталуучусунун кызыкчылыгына каршы анын каалоосун эске албастан иш алып барган" деген бүтүмгө келген. Комиссиянын чечиминде андагы айыпталуучуга берилген адвокат 200 беттен турган иш менен таанышпастан, аны менен таанышууну соттон өтүнбөстөн ишине киришкени айтылат. (KR)

XS
SM
MD
LG