Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

Дуров Казакстан журналисттер союзунун сыйлыгын алды


Павел Дуров.
Павел Дуров.

Орусияда "Telegram" жана "ВКонтакте" социалдык байланыш каналдарын түптөгөн Павел Дуров Казакстан журналисттер бирикмесинин "Интернет-долбоор" номинациясы боюнча атайын сыйлыгын алды.

Бирикме тараткан маалыматта сыйлык Дуровго "цензурага жана Интернетте жарандардын ээн-эркин кат алышуусуна мамлекеттин кийлигишүү аракетине каршы темирдей бекем тургандыгы үчүн" ыйгарылганы айтылат.

Сыйлыкка 12 журналист жана бир чыгармачыл топ татыктуу болду.

Быйыл Орусиянын Роскомнадзор" мекемеси "Телеграм" социалдык түйүнүн өлкө аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине кошту. 13-апрелде Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Telegram" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу "Роскомнадзордун" өтүнүчүн канааттандырган.

Дуров соттун чечиминен кийин "купуялуулук сатыкка коюлбайт жана коркуу адам укуктарына шек келтирбеши керек" деп жазган. Ал мындан төрт жыл мурда Орусиядан чет өлкөгө чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG