Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Израилдин премьер-министринин аялына айып тагылды


Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жубайы Сара менен. 6-июнь, 2017-жыл.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жубайы Сара менен. 6-июнь, 2017-жыл.

Израилдин прокуратурасы өкмөт башчы Беньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяхуга мамлекеттик резиденцияда жашап, бирок тыштан тамак алдырганы үчүн расмий айып такты.

Прокуратуранын айыптоосунда мамлекеттик резиденцияда ашпозчу бар экендигине карабай, өкмөт башчынын аялы жалпы жонунан 100 миңдей долларга кымбат ресторандардан тамак алдырганы белгиленет. Бул акча мамлекеттин эсебинен төлөнгөн.

Сара Нетаньяху буга чейин башка мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу да айтыпталган, бирок алар бул корутундуга кирген эмес.

Премьер-министрдин үй-бүлөсү билдирүү таратып, мындай дооматтарды «акылга сыйбаган» нерсе деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG