Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Футбол-2018: Аргентина Хорватияга утулду


Хорватиянын улуттук курама командасы.
Хорватиянын улуттук курама командасы.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын “D” тайпасынын оюндарынын алкагында Аргентина - Хорватия командаларынын футболчулары ойноду. Атактуу Леонель Мессиге таянган Аргентина фаворит катары талаага чыкканы менен оюн хорватиялыктардын басымы алдында жүрүп, 3:0 эсебинде Европа мамлекетинин жеңиши менен жыйынтыкталды.

Натыйжада Месси жана анын командасы “D” тайпасынан чыкпай калуу коркунучуна кептелди. Учурда Хорватия алты упай менен топтун баш сабына жайгашса, Аргентинада азырынча бир упай бар.

Бүгүн ушул эле топто экинчи жуптун оюну болот, анда Исландия жана Нигерия командалары жашыл талаага чыгышат.

Ошондой эле 21-июндагы оюндарда Франция Перуну 1:0 эсебинде утуп алса, Австралия – Дания 1:1 менен жыйынтыкталды.

Бүгүн Исландия – Нигериядан тышкары, Бразилия – Коста-Рика жана Сербия - Швейцария өлкөлөрү ойношот. (SDz)

XS
SM
MD
LG