Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Асаддын армиясы чабуулдарын баштады


Башар Асаддын армиясынын танкалары.
Башар Асаддын армиясынын танкалары.

Өкмөттүк аскерлердин Дераа провинциясындагы козголоңчуларды жок кылуу боюнча жүрүштөрүнөн улам Сириянын түштүк-батышында миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетип жатат.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча борбордун маалыматына караганда, акыркы 48 саатта 12 жарым миң адам оппозиция көзөмөлдөгөн аймактан чыгып кетти.

Чабуулдар АКШ менен Орусиянын келишимдерине ылайык, "деэскалация аймактары" деп жарыяланган жерлерде жүрүп жатат. Вашингтон деэскалация зонасын бузуш үчүн “кескин жана тиешелүү чара” көрөрүн эскертти.

Сириядагы чатак 2011-жылы мартта башталган. БУУнун маалыматына караганда, чатактын айынан кеминде 400 миңдей адам кырылды, 10 миллиондой киши жер которду. 5 миллионго жакын адам өлкөнүн сыртына башпаанек издеп чыгып кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG