Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине кайра шайланды


Жыпар Жекшеев.
Жыпар Жекшеев.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына экинчи мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, 21-июнда кечкисин өткөн жыйынга кеңештин 15 мүчөсүнүн 14ү келди. Алардын 12си Жекшеевдин талапкерлигин колдоп добуш беришкен. Бирөө каршы, бир бюллетень жараксыз болуп чыккан.

Керимбаевдин сөзү боюнча, КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун Жогорку Кеңеште угуу кечеңдегени үчүн, төраганы шайлоо да артка жылып келди.

Былтыр 26-апрелде Жогорку Кеӊеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаӊы курамын бекиткен. 22-майда болсо кеңештин 15 мүчөсү жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Жыпар Жекшеевди бир добуштан жетекчиликке шайлап алган. Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңештин төрагасы жылына бир жолу шайланып турушу керек.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 адамдан турат, ал беш жылдык мөөнөткө бекитилет. Ага талапкерлерди өлкө президенти, Жогорку Кеӊеш жана коомдук уюмдар көрсөтөт. Былтыр президент 10 талапкер, Жогорку Кеӊеш беш жана жарандык коом 16 талапкер көрсөткөн. Мыйзамга ылайык, алардын ар биринен бештен өкүл шайланган. Жыпар Жекшеевди президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG