Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

“Коопсуз шаар” программасын ишке ашыруу боюнча сынак жакында жарыяланат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктаганын маалымдады. Бул тууралуу кечээ, 21-майда өкмөттүн кеңешмесинде кабарланды.

“Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагын жарыялоону пландап жатабыз. Жалдануучу бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын түзүп, кыймыл жыш болгон кесилиштерде жол кыймылынын эрежелери бузулган учурларды каттаган камераларды орнотушу керек”, – деди Бакыт Шаршембиев.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычында баш калаанын 38 кесилишинде жана 52 ылдамдык бөлүгүндө камераларды орнотуу, ошондой эле 20 көчмө комплексин жабдуу пландалууда.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коом өкмөттөн жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканын белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле сынакка катышуу үчүн компаниялардын кепилдик төлөмүн 10 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуш кылды.

"Коопсуз шаар" долбоорун кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери пландап, бирок толук ишке ашыра албай келе жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG