Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Шайырбек Абдырахманов КТРК жетекчисинин орун басары болду


Шайырбек Абдырахманов.
Шайырбек Абдырахманов.

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын жетекчисинин радио боюнча орун басарлыгына журналист Шайырбек Абдырахмановду бекитти. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев “Азаттыкка” кабарлады.

21-июнда кечкисин өткөн жыйынга кеңештин 15 мүчөсүнүн 14ү келди. Алардын баары Абдырахмановду колдоп добуш беришкен.

Шайырбек Абдырахманов КТРК директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп 28-майда дайындалган. Илим Карыпбековдун мурдагы орун басары Кайрат Иманалиев андан бир жума мурдараак иштен кеткен. Ал башка кызматка өтөрү айтылган.

Шайырбек Абдырахманов бир катар телебаяндары менен таанымал. ЭлТР каналын жетектеген. Социалдык тармактарда бийликке сын көз караштагы пикирлерди жарыялап турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG