Жалал-Абад шаарында бир топ үйлөрдө уурулук кылган киши катары шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” кабарлады.
Кармалгандар 2018-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад шаарынын "Спутник", "Достук" жана "Курманбек" шаарчаларында жайгашкан көчөлөрүндөгү турак жайларга кирип, баалуу буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап жүрүшкөн. Сурак учурунда алар экөө 15 үйгө уурулукка киргендигин мойнуна алды.
Шектүүлөр Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кармалган Т.Х. жана М.Н. аттуу жарандар уурдаган шакек-сөйкө, кундуз тумак, телевизор жана башка буюмдардын баасы 1 млн. сомдон ашык бааланууда. (ErN)