Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачкан токтом чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар которулуучу атайын эсеп ачуу тууралуу токтомго кол койду.

Эми коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолуп, акча өкмөттүн негизделген чечими менен бөлүштүрүлөт.

"Мындай механизм коомдогу жана мамлекеттин зарыл тармактарына каражат бөлүүгө жана жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүүгө жардам берет" деп айтылат өкмөттүн басма сөз бөлүмү тараткан маалыматта.

Атайын эсепти ачууну президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү органдарга 16-майда тапшырган. Андан кийин Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөргөн. Анын негизинде Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG