Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Хадистер жөнүндө кыргыз тилинде 7 томдук китеп чыкты


“Хадистердин негизинде ислам” аттуу 7 томдук китеп.
“Хадистердин негизинде ислам” аттуу 7 томдук китеп.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде “Хадистердин негизинде ислам” аттуу жети томдон турган китеп басылып чыкты. Бул тууралуу ушул факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул китеп Курандан кийинки ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган.

5000 нускадагы китептин жарымынан көбү Кыргызстандагы имамдарга жана медреселерге окуу куралы катары бекер таратылып берилет. Калганы окуу жайларга, кызыккандарга тапшырылат. Китеп “Түркия Дианет” фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

“Хадис” (арабча: الحديث “сөз”) — Мухаммед пайгамбардын санат сөздөрү (“кауль”), жактыруулары (“такрир” - макул табуулары), көрүнүшү (“васфи”) же кылган иш-аракеттери (“филь”). Хадистер сахабалардын (Мухаммед пайгамбардын шакирттери) жардамы менен айтылып, сакталып келген. Ислам дининин сунни багытында Мухаммад аль-Бухари, Муслим ибн Аль Хаджажж, Ан-Насаи, Абу-Дауд, Абу Иса ат-Тирмизи жана Ибн Маджалар чогулткан хадистер таанылат.

Ислам дининде жалпысынан 600-700 миңдей хадис бар деп саналат. Анын 10 миңге жетпеген бөлүгү (эң белгилүү “Сахих аль-Бухари” китебинде 7275 хадис) гана чыныгы хадистер деп эсептелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG