Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:40

Акыйкатчы УКМКнын тергөө абагында жаткан саясатчыларга жолугуп чыкты


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жана парламенттин бир нече депутаты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган депутаттар Канатбек Исаев, Осмонбек Артыкбаев, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнсө, Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарыл экенин белгилеген. Авазов үй-бүлөсү менен көрүштүрүүнү суранса, Исаков тергөө изолятордун шартына нааразычылыгы жок экенин билдирген.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. Бул фактыларга байланыштуу бир нече саясатчылар камакка алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG