Оштогу “Боорукердик” үйүнүн башчысы Бермет Токтосунова менен анын кол астында иштеген социалдык кызматкер абысынынын чатагы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жабырлануучу Райля Шакирова “Азаттыкка” билдирди.
Жабырлануучу Райля Шакирова 2018-жылдын 28-февраль күнү “Боорукердик” үйүнүн башчысы Бермет Токтосунова аны иш бөлмөсүндө сабаганын, натыйжада өзүнүн колу сынганын, чатак бир жамаатка чогулуп калган туугандардын айынан чыкканын маалымдады.
"Боорукердик" үйүнүн башчысы Бермет Токтосунова кол алдында иштеген Райля Шакирова өзү жыгылганын, экөө бир тууган абысындар экенин айтты.
Ош шаарында жайгашкан 60 орундуу “Боорукердик” үйүндө 23 адам эмгектенет. Ал мекеме камкордукка алган багар-көрөрү жок 53 адамдын жарымы балдар, жарымы улгайгандар. (YI)