Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Трамп: Путин менен жолугушуу каралууда


Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп анын Орусиянын президенти Владимир Путин менен быйыл июлда “жолугушуу мүмкүнчүлүгү” каралып жатканын 21-июнда Ак үйдө губернаторлор менен өткөн жыйында билдирген.

СНН телеканалынын дипломатия чөйрөсүндөгү адамдарга таянып кабарлаганына караганда, Трамп менен Путиндин кездешүүсү июль айынын орто ченинде, АКШнын президенти Британияга жана НАТОнун Брюсселдеги саммитине барганга чейин же андан кийин болушу мүмкүн.

Телеканалдын булагы Трамп эки тараптуу сүйлөшүү Вашингтондо өтүшүн каалаганын, бирок Москва бейтарап жерде болушун талап кылганын айткан.

Трамп менен Путиндин болжолдуу жолугушуусу тууралуу маалыматтар Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвада өтө турган сапарына тушташ чыкты. Ал Москвага 25-27-июнда оболу Рим менен Лондонго токтогон соң барган жатат.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва АКШ менен “байланышка даяр” экенин, “эгер жогорку деңгээлдеги жолугушуу боюнча макулдашууга жетишилсе, бул жарыялана турганын” билдирди.

Трамп Путин менен “жакын арада” кездешерин быйыл мартта да билдирген. Бирок андан бери Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланышкан санкциялардан, Сириядагы жаңжалдан, Британияда мурдагы орусиялык тыңчынын ууландырылышынан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлап кетти.

Трамп менен Путин буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы, ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммиттеринин алкагында кездешишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG