Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Иран мунай өндүрүшүн күчөтүүгө каршы чыкты


OPEC.
OPEC.

Дүйнөнүн башкы мунай өндүрүүчүлөрүнүн Венадагы сүйлөшүүлөрүндө Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмундагы (ОРЕС) Сауд Арабиясы менен ага кирбеген Орусия өндүрүштүн күндөлүк көлөмүн 1 миллион баррелге көбөйтүүнү сунуш кылган.

Бирок Ирандын мунай министри Бижан Зангане 21-июнда жыйындан чыгып кетип жатып “ биз бул сунуш боюнча макулдашууга жете алабыз деп ойлобойм” деп билдирди.

Ал эми Сауд Арабиясынын энергия министри Халид ал-Фалих мунай өндүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү алар менен Орусиянын өндүрүш көлөмүн күнүнө бир миллион баррелге баскыч-баскычы менен көтөрүү сунушуна макул болушканын айтты.

Бул сунушту ишке ашыруунун так механизмдери ОРЕСтин бүгүнкү жыйынында чечилиши керек.

Мунай өндүрүүнүн көлөмүн арттырууга кийинки күндөрү кара майды көп керектеген АКШ, Кытай жана башка өлкөлөр да үндөгөн. Ирандын мунай министри Бижан Зангане мурдараак АКШнын чакырыгын да сынга алып, Венесуэла менен Иранга санкция киргизүү аркылуу президент Дональд Трамп “мунай базары үчүн кыйынчылык” жаратканын белгиледи.

ОРЕСке кирген жана башка өлкөлөр өндүрүштүн көлөмүн азайтууну макулдашкан 2016-жылдын аягынан бери кара майдын баасы баррелине ал ездеги 27 доллардан азыр 75 долларга жетип калды. (UE)

XS
SM
MD
LG