Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Коопсуздук боюнча атайын парламенттик комитет түзүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко жана Исхак Масалиев коопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлгө алуу үчүн парламенттик комитет түзүүнү сунуштап жатышат. Бүгүн күч органдары, өкмөт, эксперттердин катышуусунда сунушталып жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча талкуу өттү. Демилгечилердин бири, депутат Исхак Масалиев "Азаттыкка" мындай деди.

- Парламентте эл аралык жана коопсуздук комитети бар. Бирок мен ар бир фракциядан депутаттар кирген атайын комитет түзүүнү сунуштап жатам. Анын милдети коопсуздук боюнча маселелерди карап, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аткарылышын көзөмөлдөйт. Коопсуздук багытында иш алып барса ашык болбойт.

Депутаттардын сунушу коомдук талкууга чыгып, айтылган сунуш-пикирлерден кийин парламентте каралат. Учурда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер боюнча тогуз комитет иштейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG