Орусиянын Сибирдеги бул шаарында бүгүн өкмөттүн пенсияга чыгуу курагын көтөрүү планына каршы жергиликтүү бийликтен уруксат берилген демонстрацияга миңдей адам чогулду. Нааразылык акциясы шаардын чет жакасында өттү.
Демонстранттар федералдык өкмөттөн пенсиялык реформадан мурда кеминде эки миллион жумушчу орун түзүүнү талап кылып, Москвага жөнөтүлүүчү кат үчүн кол чогултула баштаганын жарыялашты.
Орус өкмөтүнүн пенсия куракты көтөрүү сунушун көптөгөн орусиялыктар буга чейин нааразылык менен кабыл алып, Интернеттеги петицияга 2,3 миллион киши кол койгон.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да пенсия реформасына каршы митинг өткөрүүгө бүгүнкү күнгө карата жети шаарда уруксат алды. Ал элди пенсиялык реформага каршы 1-июлда акцияга чыгууга чакырган.
Премьер-министр Дмитрий Медведев 14-июнда өкмөттүк жыйында жарыялагандай, алар сунуш кылып жаткан планга ылайык өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.
Пенсия курагын көтөрүү, орус өкмөт башчысынын айтымында, “кошумча каражатты инфляцияны индексациялоого, пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө жардам берет”.
Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жаш.
Орус өкмөтү ошондой эле 2034-жылга жетип эркектердин орточо жаш курагы 70ке, аялдардыкы 80ге жетет деп болжолдогон. (UE)