Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

"Азаттыктын" журналистине "Алтын калем" сыйлыгы ыйгарылды


Улан Эгизбаев.
Улан Эгизбаев.

"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев белгилүү журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болду. Сыйлык Кален Сыдыкованын 60 жылдыгына арналган иш-чарада тапшырылды.

Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган. "Алтын калем" сыйлыгы буга чейин Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдары президенттин атынан уюштурулуп, аны ыйгаруу 2003-жылы токтотулган болчу.

Публицист, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси Кален Сыдыкова токсонунчу жылдары улуттук деңгээлдеги олуттуу маселелерди тартынбай жазган публицичст катары таанылган. Ал ондон ашык публицистикалык, тарыхый жана адабий көркөм китептердин автору. (TSh)

XS
SM
MD
LG