Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Каркыра жайлоосунда малчылардын майрамы өттү


Каркыра жайлоосу.
Каркыра жайлоосу.

Бүгүн, 22-июнда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда малчылар майрамы белгиленди. Түп районунун жетекчилигинин жана район элинин демилгеси менен өткөрүлгөн иш-чара малчыларга майрамдык маанай тартуулап, аларга көңүл бөлүү максатын көздөйт.

Каркыра жайлоосуна майрамды белгилөөгө миңге жакын эл чогулуп, отузга жакын боз үй тигилди. Анда кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп, маданий иш-чаралар менен коштолду. Анда Түп районунун малчыларынын эмгектери бааланып ар кандай белектер тапшырылды.

Малчылар майрамы Ысык-Көл облусунда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак аймагында өткөн болчу. Мында Түп району эстафета катары малчылар күнүн белгилөөнү Ак-Суу районуна тапшырды. (AsM)

XS
SM
MD
LG