Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

БУУнун баяндамасына чейин Орусия АКШны айыптады


Химиялык чабуул коюлганы кабарланган Дума шаарынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.
Химиялык чабуул коюлганы кабарланган Дума шаарынан бир көрүнүш. 16-апрель, 2018-жыл.

Москва "АКШ жана анын өнөктөштөрү Сириядагы химиялык чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өкмөттүк күчтөргө жүктөө максатында далилдерди бурмалаган" деп айыптоодо.

Орус армиясындагы радиациялык, химиялык, биологиялык коргонуу күчтөрүнүн командачысы Игорь Кириллов бүгүн Москвадагы брифингде Сириянын Хан-Шейхун шаарында былтыр 4-апрелде болгон чабуулду “"ак каскачандар" тобу менен (Сириядагы куткаруучу уюм) алардын демөөрчүлөрүнүн чагымы” деп сыпаттады.

Батыш өлкөлөрү менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) химиялык курал боюнча инспекторлору буга чейин кеминде 74 кишинин өмүрү кыйылып, 550дөн ашуун адам жарадар болгон чабуул үчүн Сириянын өкмөттүк күчтөрүн айыптаган.

Генерал Кириллов ошондой эле Дума шаарчасында химиялык чабуул катары сөз болгон окуя боюнча БУУнун жарыяланганы жаткан баяндамасы “Сирияга каршы” болорун белгиледи.

Эки күн мурда БУУнун инспекторлору алардын колунда бар далилдер "Дума шаарында өкмөттүк күчтөр абадан чабуул койгон учурда хлор газы колдонулганына шайкеш чыгып жатканын” билдиришкен.

Думада быйыл 7-апрелде химиялык чабуул катары мүнөздөлгөн окуяда кеминде 49 киши өлүп, 650дөй адам жаракат алган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова болсо Москвадагы бүгүнкү брифингде "Дума шаары козголоңчулардан бошотулгандан кийин химиялык курал жасоочу жабдуу табылган, эксперттердин көз карашында ал Батыш өлкөлөрүндө жасалган" деп ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG