Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Экс-депутат Жакупова башкы прокурорго кайрылды


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Мурдагы депутат, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго "Zanoza.kg" сайтынын, журналисттердин сотунда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын өкүлү болуп катышкан прокуратура кызматкери Руслан Абдрахманды кызматтан алууну талап кылып кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон Жакупова өзү билдирди.

- Биз соттун жүрүшүндө дайыма ал өзүнүн кызмат укуктарынан аша чаап жатканын билдирип келгенбиз. Бирок сот көңүл бурган эмес. Азыр бардык мыйзам бузулган учурларды белгилеп, далил катары Конституциялык палатынын чечимин тиркедик. Мисалы, Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен бизге чет жакка чыгууга тыюу салынган. Мыйзам боюнча бул туура эмес болгон.

2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.

Октябрь райондук соту Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө башкы прокурордун арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Кийин 2018-жылы май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тарткан болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG